• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ЖОЖдорго кабыл алуунун жаңы  тартиби  күчүнө кирди

25 Теке 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому күчүнө кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтомдо КРнын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби, КРнын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жобо, абитyриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо бекитилген.

ЖОЖ жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну лицензия бар болгондо гана жарыялайт.

Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт: жайкы жана кышкы мезгилдерде. ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга, ЖОЖдун кароосу менен жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундар үчүн жүргүзүлөт.

Уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.

Абитуриенттердин категориялары:

  • I, II топтогу майыптар;
  • бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
  • жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
  • этникалык кыргыздар;
  • 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь айларында, 2021-жылдын апрель айында болгон окуялардын кесепетинен каза болгон адамдардын балдары,
  • кайрылман статусуна ээ болгон адамдар.

ЖОЖдорго жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү бул категориядагы адамдар үчүн гранттык орундардын квотасынын чегинде конкурстун негизинде кабыл алынат.

Гранттык орундарга конкурстан сырткары төмөндөгү абитуриенттер кабыл алынат:

  • ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы эң жогорку упайларды топтогон абитуриенттер;
  • учурдагы календардык жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-2-3-орундарды ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болгон абитуриенттер өздөрүнүн тандоосу боюнча олимпиаданын предмети шайкеш келген адистиктерге жана багыттарга, алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан жана босого упайына барабар же андан жогору упайларды алган шартта;
  • учурдагы календардык жылдагы «XXI кылымдын интеллектуалдары» республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр болуп саналган жана 2-3-орундарды ээлеген байге ээлери болуп саналган абитуриенттер конкурстун номинациясы шайкеш келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан жана босого упайына барабар же андан жогору упайларды алган шартта;
  • “Алтын тамга” тастыктамасына ээ болгон абитуриенттер, алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан жана босого упайына барабар же андан жогору упайларды алган шартта.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент ошол ЖОЖдо окууну каалоосун ар бир турдун календардык 6-күнү саат 16:00гө чейин кабыл алуу комиссиясына документтерди тапшырууга тийиш.

Количество просмотров: 615