• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жумабеков Дастан Артисбекович

Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Саткей айылында туулган. Билими жогору. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2002 — Түркиялык «Баямташ ЛТД» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө коммерциялык директору;
  • 2005-2007 — «КАSI трейнинг» Бельгиялык  фирмада башкы менеджер;
  • 2007-2009 — «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр;
  • 2009 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин механикалаштырылган көчмө отрядынын башчысы;
  • 2010-жыл, октябрь — да «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча  Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы  депутаты;
  • 2014-жыл, май —   Жогорку Кеңештин  «Ата-Журт»  фракциясынын лидеринин орун басары;
  • 2015-жыл, июнь — Жогорку Кеңештин  «Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп шайланган;
  • 2015-жыл, 4-октябрь — «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы  депутаты;
  • 2017-жылдан 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
  • Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Количество просмотров: 35