Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясында мэр Айбек Джунушалиев коомчулуктун жана депутаттардын көптөгөн пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен «Сүрөтчүлөр үйү» үчүн жер тилкесине байланыштуу маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бул тууралуу мэринын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр бул маселе дагы карала турганын жана жер тилкеси муниципалдык менчикте кала берерин белгиледи. «Сүрөтчүлөр үйү» имараты Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдары каралганга чейин кадимки режимде иштей берет.
Белгиленгендей, мурда «Сүрөтчүлөр үйү» үчүн Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзуна берилген жер тилкесин пайдалануу шарттарынын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу боюнча чара көргөн.
«Мүлк өз максатына ылайык пайдаланылбай жатканы аныкталды: имарат коммерциялык максаттарда, анын ичинде жеке нотариалдык кеңсе, автосалон, дүкөн, авиабилет кассасы жана кеңсе үчүн ижарага берилген. 2026-жылдын 23-февралындагы №52 токтому менен Бишкек шаарынын мэриясы аталган жер участогун пайдаланууга берүү жөнүндө 1995-жылдын 18-декабрындагы №253 токтомун жокко чыгарды. Инвестицияларды тартуу, шаардык инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү жана борбордун бирдиктүү архитектуралык-шаар куруу көрүнүшүн түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын кайрылуусу боюнча Бишкек шаардык кеңешке бул жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жөнөтүлгөн», — деп жазылат маалыматта.