Журналист Алтынай Арстанбекова укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, Арстанбека «Даниел Жоошбаев» аттуу жасалма аккаунт менен байланышы бар деп кармалган, аталган аккаунт президентти сындаган жана жарандарды жамандаган материалдарды жарыялаган. Журналисттин үйүнөн бир нече телефон жана ноутбуктар алынган.
Азырынча расмий маалымат бериле элек.