Журналист Эрнис Кыязов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине чакырылганын соцтармак баракчасы аркылуу билдирди.
Ал жолугушуу сылык-сыпаа, меймандос маанайда өткөнүн жазган.
«Буга чейинки журналисттик ишмердигимде мыкты профессионалдуу иштеримди алкап макташты. «Тээ качанкы бир кездерден бери көрсөтүүлөрүңүздү көрүп урматтаган журналистсиз..» дешкенде магдырай эле түштүм. Анан саал өзүмдү жыйып «..ошондо, каалаганыңар эмне?»десем. «Стабилдүүлүк»-дешти. Аябай таң калдым. Анткени менин да каалаганым стабилдүүлүк болчу да..)) Оюбуз бир жерден чыкканына кубанып, «жигиттерге күлкүлүү бирдеме айтсам кантээр экен..» деп, юморлуу кептерден шилтесем буларың деле тиштерин кашкайта күлүшөт экен эй… Бөбөктөн бетер көшүлүп кеттим. Анан кайра сразым шек пайда болду менде.. «Бөбөктү тиш доктурга алпарышканда доктур жадырап-жайнап, мактап жактап атып, акыры өңүтүн таап бөбөктүн тишин жулуп салат эмеспи; бу жадыраган жигиттер мени мактап, көлкүтүп атып тилимди жулуп салбайбы ыя?!..» деп жүрөгүм шуу дей түштү… Бир жарым сааттай көп нерселерди сүйлөштүк. Кыскасы, стабилдүүлүккө салым кошууну дагы кыйла эсе көбөйтүшүм керектигин так түшүндүм. Коштоштук. «Кандайдыр маселе болсо чалыңыз тартынбай..»дешти»,-деген журналист.
Белгилей кетсек, журналисттин жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев менен болгон акыркы подкасты бир катар талкууларды жаратып, түрдүү пикирлер айтылган. Эфирде Жапыкеевдин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу айткандары ача пикирлерди жараткан.