Көз карандысыз журналисттер коомчулугунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президенти
Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку соттун төрагасы
Медербек Сатыевге атайын кайрылуу жолдошту.
Төмөндө кайрылууну толугу менен өзгөртүүсүз беребиз:
Өлкөбүздө адилеттүүлүктү, мыйзам үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоо принциптерин чыңдоо баарыбыз үчүн маанилүү. Ушул максатта көз карандысыз журналисттер коомчулугунун өкүлдөрү катары ачык кайрылуу жолдойбуз.
Акыркы жылдарда журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси жана башка беренелер боюнча козголгон иштер коомчулукта ар түрдүү ача пикирлерди жаратып келет. Коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам, коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турат.
Адам укугуна, сөз эркиндигине байланыштуу маселелер коом үчүн өзгөчө сезимтал тема болуп саналат. Айрым медиалардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилгени, кээ бир журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону элибизде тынчсызданууну пайда кылды.
Өлкөдөгү акыркы окуяларды, коопсуздук органдарын реформалоо боюнча кабыл алынган чечимдерди, ошондой эле коомчулуктун укуктук аныктуулукка жана адилеттүүлүккө болгон суроо-талабын эске алуу менен төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштайбыз:
Биз бул кайрылууну мамлекеттик институттар менен жарандык коомдун ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө ниетинде жолдоп жатабыз. Ачык диалог, адилеттүү кароо жана мыйзамдуулукка таянган чечимдер өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Урматтоо менен,
Көз карандысыз журналисттер коомчулугунун өкүлдөрү: