• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

“Журналисттер союзунун” төрагасы Көкүловдун айткандары боюнча кайрылуу жасады

30 Үчтүн айы 202610:18 Бишкек Govori.TV

“Журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун парламенттин трибунасында журналисттер жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу билдирүүсүн журналисттерге кысым катары баалады.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин трибунасынан айтылган ар бир сөз — бул жеке пикириңиз гана эмес, мамлекеттик бийлик өкүлүнүн коом алдындагы жоопкерчиликтүү позициясы экенин эске салгым келет. Сиздин кыргыз журналистикасына жана журналисттер жамаатына карата айткан жалпылама, далилсиз жана одоно айыптоолоруңуз кесиптик коомчулукта олуттуу нааразычылык жаратты. “Журналисттер саясатчылардан акча алат”, “журналистиканын мыйзамын силерден жакшы билем” деген сыяктуу билдирүүлөр жеке эмоциянын же таарынычтын негизинде айтылган болсо да, бул жалпы журналисттер жамаатына жалаа жабуу катары кабыл алынат.

Кыргызстанда журналистика бул жеке адамдардын эмес, коомдук кызыкчылыктын негизинде иш алып барган институт. Эгерде кайсы бир журналист мыйзам бузса, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баа берилет. Бирок жеке пикир келишпестикти же жеке тажрыйбаны негиз кылып, бүтүндөй кесипке көлөкө түшүрүү — бул эл өкүлүнө жарашпаган көрүнүш. Ошондой эле, депутаттардын кызматтык унаалары боюнча журналисттин даярдап жаткан материалындагы суроосунда “журналисттерге 1-2 жыл интервью бербейм” деген мазмундагы билдирүү эл өкүлүнүн ачыктык принциптерине, коомчулукка отчеттуулукка каршы келет. Эл өкүлү коомдук суроодон качпашы керек. Журналисттер сиздерди мактоо үчүн эмес, коомчулуктун атынан суроо берүү, маалыматты тактоо жана жооп талап кылуу үчүн иш алып барат. Эгерде сизде кайсы бир журналистке же медиа долбоорго карата мыйзам чегинде далилдүү дооматтарыңыз болсо сот, укук коргоо органдары жана мыйзам талаасы ачык. Ал эми трибунадан туруп кесиптик жамаатты каралооңуз диалог эмес, кысым катары кабыл алынат.

Кыргызстандын журналисттер жамааты кадыр-баркын, кесиптик абийирин жана эркиндигин коргойт. Эч бир чиновниктин же эл өкүлүнүн жалпы журналистикага жалаа жабууга моралдык да, мыйзамдык да акысы жок. Сизди журналистиканын кадыр-баркы менен эл өкүлү даражасына жеткен кесиптеш катары жоопкерчиликтүү сөзгө, кесиптерге урмат-сый менен мамиле кылууга чакырабыз», — деп жазылат “КР Журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташевдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Көкүлов Жогорку Кеңештин 29-январдагы отурумунда борбордук трибунада Ысык-Көлдөгү мамлекеттик “Аврора” санаторийинин ашканасынын абалы тууралуу сөз сүйлөгөн. Ал эс алуу жайын текшерип, видеого тартып кеткенден кийин санаторийдин жетекчиси жооп катары элди адаштырган тасма жарыялап, аны айрым жалпыга маалымдоо каражаттары чыгарганын сынга алган. Ошондой эле “Авроранын” жетекчилигинин видеосун жарыялаган айрым ЖМКлардын аттарын да атаган.

Количество просмотров: 251