Жогорку Сот Башкы прокурордун арызын канаттандырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аброю үчүн Zanoza.kg сайтынан жана бир нече журналисттен миллиондогон сом айып төлөө чечимин чыгарды.
Сот процесси жүрүп жаткан учурда бир нече мыйзам бузуулар болду. Жоопко тартылгандардын укугу бузулду. Айыптоочу тарап менен жактоочу тарапка бирдей шарт тузулгөн жок. Сот процееси өтө шашылыш жана аз убакттын ичинде болду. Бирок ошого карабастан акыркы чечим чыкты. Арыз жазууга эми мүмкүнчүлүк жок.
Алмазбек Атамбаев азыр президент эмес экендигине карабай сот аткаруучулары чечимди аткарганга киришти. Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрү Нарынбек Айып жана Дина Масловадана 27 млн сом (388 миң доллар) төлөөнү талап кылышууда. Ал эми “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакуповадан 3 млн сом өндүрүлүудө.
“Эксперттердин эсеби боюнча өлкө аймагы боюнча онлайн-рекламадан түшкөн жалпы каржаттын суммасы 1 млн доллар. Эми ошонун 40 пайызын бир редакция төлөсүн деп жатат. Мындай көп суммадагы акча логикага гана эмес, жөнөкөй адамгерчилике туура келбейт. Ошондуктан бул жерде кызыкчылык бар экендигин ачык айтышыбыз керек.”
Чакан маалымат каражаттарына миллиондонгон сом айып салуу сөз эркиндигине кысым көрсөтүүгө барабар.
Мындай соттун чечимдери демократиялык мамлекеттин имиджине зыян келтирет. Албетте бул инвесторлордун келишине тоскоол болчу көрүнүш. Өкмөт демилгелеген “Таза коом” долбоорун эркин ММКларсыз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Себеби донорлор дагы сөз эркиндигине көз салып турушат.
Биз төмөнкү кол койгондор Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков С.Ш, премьер-министр Исаков С.Ж, Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабеков Д.А, Жогорку Соттун төрайымы Токбаева А.А кырдаалга олуттуу көз жүгүртүп, сот системасын реформалап, ММКларга жана журналисттерге мындан ары ушул сыяктуу адилетсиз чечимдердин чыкпашына бөгөт коёт деп үмүттөнөбүз. Өлкө жетекчилигинен кырдаалдан чыгуунун жолдорун табууну суранабыз.
Кол койгон уюмдардын тизмеси
Эгер сиз бул билдирүүну колдосоңуз жана кол койгуңуз келсе [email protected] электрондук почтасына кат жазыңыз же 0312 62 07 60 телефонуна чалыңыз.