• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жыл башынан бери 130 табигый кырсык катталды

26 Бештин айы 202412:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл башынан бери 130 табигый кырсык катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, кырсыктын басымдуу бөлүгү сел жана суу каптоолор болду.

“Климаттын өзгөрүшү биздин ар бир жаранга түзмө-түз таасирин тийгизип жатат. Кырсыктар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө көп болууда. Табигый кырсыктын күчү ушунчалык күчтүү экен, даярдыкка дагы карабайт экен. 1 миңден ашуун жарандын үйлөрү жабыркады. 67 адам каза болду. Бир топ үйлөр капиталдык оңдоого муктаж болду. Ал эми жалпысынын техногендик жана башка кырсыктарды эсептегенде 3 миң 700 өзгөчө кырдаал катталды”, — деди ал.

Количество просмотров: 174