• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жыл башынан бери Россиядан Кыргызстанга 15 адам экстрадицияланды

11 Чын куран 2023 16:56 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын биринчи кварталында Россиядан Кыргызстанга 15 адам экстрадицияланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү кундө КРнын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан башка өлкөнүн аймагында жаза өтөп жаткан Кыргызстандын дагы 25 жаранын экстрадициялоо боюнча иштер жүрүудө.

«Биз бардык өлкөлөр менен достук мамиледебиз, экстрадициялоо боюнча билдирү түшсө прокуратура органдары тарабынан тиешелүү иштер аткарылат. Бирок, эркиндигинен ажыратылган кыргызстандыктар жазасын өтөө үчүн мекенине кайткысы келбеген кыргызстандыктар бар, аларды эч ким зордой албайт», — деди ал.

Ошондой эле Зулушев өткөн жылы Россиядан 33 кыргызстандык экстрадицияланганын кошумчалады.

Количество просмотров: 75