• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жыл жыйынтыгы: 2020-жыл башаламандыктардын коштоосунда бүдөмүк ойлор менен аяктады

26 Бештин айы 2020 17:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, он күндүн ичинде президент кызматтан кетип, жаңы спикер менен премьер-министр шайланды. Күздө тарайт деген Жогорку Кеңеш бүгүнкү күнгө дейре ишин улантып жаткан чагы. Дүйнө эли коронавирус илдети менен алп-урушуп жатканда, Кыргызстан саясат менен алек…


Ушул жылы 11 айда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда уруксат берилген жана уруксат алынбаган 749 митинг, пикет болду. Алардын ичинен эң чоң башаламандык шайлоодон кийин өтүп, өлкөнү саясий кризиске кептеди. 16 партия ат салышкан шайлоодо бийликтин партиясы делген «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» жети пайыздык босогодон өткөн. Талаштуу шайлоодон кийин бийлик алмашып, курч саясий окуялар орун алды. Коопсуздук кызматкерлер менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда 1 миң 2 киши жаракат алып, анын ичинен 204 киши ооруканага түштү. Борбор калаанын көчөлөрүндө бир нече унаалар талкаланып, өрттөндү. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапты. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да жок эмес.

Ошол күнү саат 3төн кийин акцияга чыккандардын жарымы Ак үйгө кирип барды. Саясий окуялардын шааниси менен түн ортосунда абактагы бир катар саясатчылар, анын ичинде Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков, жада калса мурдагы мэр жана мурдагы президенттин жансакчылары дагы түрмөдөн бошотулду.

Башаламандык учурунда ажо отурган Ак үй баш болуп жараксыз абалга кептелип, имарат 1 бир ай убакыт бош турду. Парламенттин жана президенттин имаратын оңдоп-түзөө иштерине айрым депутаттар айлык маянасын которду деген менен бирок, курулуштун жалпы чыгымы жана эл өкүлдөрүнүн которгон каражаты тууралуу так сумма айтылган жок. Ошол күнү таң заарда митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректер талкаланып, үчүнчү кабаттан өрт чыккан эле.

Митинг уюштурган партиялар менен эски саясатчылар ич ара «кресло» талашуу менен алек болуп, бир чечимге келе албай жатканда абактан жаңы чыккан Жапаров түз эле аянттагы элге барып, митингчилердин назарын өзүнө бурду.

Бул арада Ош шаарында дагы кырдаал курч болду. Маселен, Ошто мэрдин жана өкмөттүн өкүлүнүн орду талашка түшкөнү тууралуу видеолор тарады. Ошко бозгундагы саясатчы, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Түркиядан учуп келди. Аны тарапташтары түн ортосуна чейин күттү. Мурунку мэр тарапташтары алдында чыгып сүйлөп, өлкөдө оор кырдаал түзүлүп турганына токтолгону бар.

Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты. Оштун борбордук аянтындагы митингге жүздөгөн киши чогулду. Митингге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, “Биримдик” партиясынан талапкер Асылбек Жээнбеков жана анын тарапташтары катышкан.

Ошондогу Президент Жээнбеков байма-бай кайрылуу жасаганына карабай, өлкөдө башаламандык орун алып, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоону 20-декабрга дайындады.

Өлкөдө башаламандыктар уланып, нааразы болгон тарап тынчыган жок. Натыйжада Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, отставкасын жарыялады.

Бул арада «чимкирик» аталган парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Конституциялык реформа болмоюнча парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Ошондой эле Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алгандан соң премьер-министр Садыр Жапаровго президенттин милдетин аткаруу укугу берилди. Жапаров өкмөт башчылык жана президенттин милдетин аткаруучу башкача айтканда эки тизгин бир чылбырды колго алды.

Бийликке келген Жапаров конституциялык реформа жүргүзүүгө аракет кылды. Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Аны талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме тузүлдү. Мындан улам Конституцияны өзгөртүүгө каршы митингдер өттү.
Мындан улам, Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча ою өзгөрдү. Жапаровдун сөзү боюнча, Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулай берет. Ал эми келерки жылдын 10-январында эл башкаруунун формасын тандашы керек.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 16 талапкер ат салышууда. Кыргызстандын келечек тагдыры октябрь айында орун алган окуяларды, өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алганда азыр кылдын кырына келип, 2020-жыл өлкөнүн келечегине болгон бүдөмүк ойлор менен аяктады.

Количество просмотров: 391