• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жылдын мыкты мугалимин жана тарбиячысын аныктаган сынак башталды

3 Тогуздун айы 2022 14:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-октябрда “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сынакка буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өткөн 17 талапкер катышууда.

“Билим берүү тармагы абдан оор тармак. Бул тармакта жаңы нерсени өздөштүрүп, анын жемишин алууга 10-12 жыл кетет. Андыктан бардык катышуучулар сынактан жаңы тажрыйба, билим, идея аласыздар деп ишенем. Эң башкысы сынак ачык-айкын, адилеттүү өтүп, чыныгы кесипкөйлөр жеңишке жетишин каалайм”, — деп билдирди сынактын салтанаттуу ачылышында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Сынактын IV этабы 3-4-октябрь күндөрү №69 жалпы билим берүү орто мектебинде жана №182 бала бакчада өтөт. Анда педагогдор чеберчиликтерин жана көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн сабактарды өтүшөт. Мугалимдер үчүн мастер-класстар дагы уюштурулат.

Белгилей кетсек, республикалык сынактын жеңүүчүлөрү 5-октябрь күнү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында сыйланат.

Количество просмотров: 554