• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди

3 Баш оона 202314:35 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты.

Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө Президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылаары айтылды.

Белгилей кетсек, Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай алат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ал жерде «Шахта Жыргалаң» ААК иштеген. Юстиция министрлигиндеги маалыматка таянсак, аталган ААКтын директору катары Нарынбек Байсаков көрсөтүлгөн. Ал эми анын орун басары, ачык булактардан алынган маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров болгон.

Количество просмотров: 87