• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыз изделүүдө

19 Бугу 202412:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди

Маалыматка ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын Михайловка дачасында Жыргалаң суусуна 2017-ж.т. К.М. жана 2016-ж.т. Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

19-май күнү да издөө иши уланып, ага 15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 37 куткаруучу, облустук башкармалыктан 1 куткаруучу дрон жана 2 қайық менен тартылды.

Мындан сырткары ИИМден 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам издөөгө чыгышты.

Количество просмотров: 190