• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте 2 кыз көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып алган. Милиция маалымат берди

9 Жалган куран 20249:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Жал кичирайонунда эки кыз көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып алган учурдагы видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Окуя боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы түшүндүрмө берип, кыздар аман-соо экенин кабарлады.

«Кыздар көп кабаттуу үйдүн чатырына ойноп чыккан, жанын кыюуга аракет кылган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери видеодогу кыздар менен алардын ата-энесин таап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Количество просмотров: 459