Ысык-Көл облусунда Жыргалаң капчыгайынын тоолорунда Silk Road Freeride — 25 эл аралык фрирайд мелдеши өттү.
Фрирайдерлер тоонун боорунда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мелдеште Каракол шаарындагы лыжа боюнча машыктыруучу Вадим Караулных биринчи орунду жеңип алды.
Ошентип, Караулных фрирайд боюнча эл аралык мелдештерге катышууга лицензия алды. Бул тарыхый окуя, анткени ал Кыргызстандан биринчилерден болуп эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын коргоо үчүн мүмкүнчүлүк алды.