• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

“Зилалиевдердин”тамырын кыркуу кыйын…Зилдеп кеткен…

10 Бештин айы 201816:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү менен катар Кыргызстанда коррупцияга байланышкан чуулгандуу иштердин чети оюлган жери жок. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирди. Ал эми президентСооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата  кыргызстандыктарга кайрылуу жасап,“мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзамчегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек .Коррупция, тек, мыйзамсыз гана болбостон, коомдо элдин ырыскысына суук колунсалган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш”,-деди.

Бул аралыкта мамлекеттик кызматта иштеп келген Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылып, мыйзамсыз байыганы үчүн кылмыш иши козголду. УКМК тараткан маалыматта Дүйшөнбек Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турганда өзүнүн ишсиз тууганына алтын,акиташ жана башка кендердин лицензиясын каттатып койгону аныкталган. 

Эске салсак, буга чейин Чаткал өрөөнүндө элдин нааразылыгы болуп өтүп, ага байланыштуу 15 адам камакта. Аталган аймактын тоо-кен маселесинин учугу дагы лицензияга барып такалат. Күз айларында Чүй облусунун Басбөлтөк тоосундагы кен казуу боюнча берилип кеткен лицензияларга байланыштуу курултай болуп өтүп, анда Өкмөткө бир топ талаптар коюлган.

Мына ушундай өлкөдө тоо кен тармагына байланыштуу толкундоолор өтүп турган маалда Дүйшөнбек Зилалиевдин окуясы “отко май чачкандай” эле болду.  Ага чейин транспорт жана жолдор министрининорун басары Азимкан  Жусубалиев окуясы коомчулукту дүрбөткөн эле.

Айрым саясатчылар Бул керек болсо Өкмөттүн отставкасын камсыздай турган окуяэкендигин белгилешкен.

Мамлекеттик  эски жаңы кызматкерлердин мындай коррупциялык чуулардан арылбай жатышы кыргыз бийлигине аброй алып келген жери жок. Жалпысынан 2018-жылы коррупция боюнча 754 кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 21