• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Зилалиевдин «бомба» боюнча сот иши эмне үчүн жылдырылганы белгилүү болду

15 Бугу 2018 15:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.05.2018. Govori.TV

Бүгүн 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум 25-майга калды. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдун жылдырылышынын себеби ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калган.

Эскерте кетсек Дүйшөнбек Зилалиев «бомба» тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен («Террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу») кылмыш иши козголгон. Зилалиев башында бул маалымат «карандай калп» деп айткан. Кийинчерээк чын эле инагурация күнү президент өтчү чоң жолдо бара жатканда курсант кызга эскертүү иретинде форма жакшы жарашат экен. Бирок кемчиликтерди жоюш керек деп айткам. Ал таарынып калып «бомба» тууралуу жомокту ойлоп чыгыптыр деп айткан.

Количество просмотров: 14