• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Зомбулукка кабылгандар үчүн «5200» ыкчам номери иштейт

28 Үчтүн айы 20268:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн «5200» ыкчам линиясы ишке кирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган социалдык долбоор үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган аялдарга жана кыз-келиндерге жардам көрсөтүүгө багытталган. «5200» номерине чалуу аркылуу ар бир жаран акысыз, анонимдүү жана купуя жардам ала алат.

Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет.

Ыкчам линия суткасына 24 саат, жуманын 7 күнү, өлкө аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.

Ыкчам линиянын негизги багыттары:

  • зомбулуктун жана эксплуатациянын курмандыктарына психологиялык колдоо көрсөтүү;
  • жабыркагандардын укуктарын коргоо жана жеткиликтүү кызматтар тууралуу маалымат берүү;
  • коопсуз жайга, медициналык жана юридикалык жардамга кайрылуу жолдору боюнча кеңеш берүү;
  • зомбулукка күбө болгон адамдарга жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү.
Количество просмотров: 102