• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Зордуктоо үчүн соттолгон ырчы эркиндикке чыкты

11 Кулжа 2021 17:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда жашы жете элек кызды зордуктоо айыбы менен 5 жылга соттолгон Жасур Умировдун жазасы жумшартылып, эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар аталган өлкөнүн Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, 8-июнда Өзбекстандын Жогорку кассациялык соту Жасур Умировдун жазасын жеңилдетип, шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Бул чечимди кабыл алууга жабырлануучу менен анын мыйзамдуу өкүлү ырчыга эч кандай дооматы жок экенин билдиргенден кийин кабыл алынган.

Ырчы быйыл 2-февралда зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк жабырлануучу Шахзода Муминова баштапкы көрсөтмөсүн өзгөртүп, соттон Умировду актоону талап кылган. Муминова ырчы ага үйлөнүүгө убада бергенин, окуя өз ара макулдашуунун негизинде болгонун айткан.

Количество просмотров: 1062