• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Зордуктоого шектелген Талдыкоргон полициясынын башчысы эки айга камалды

15 Жетинин айы 202316:21 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Талдыкоргон шаарында зордуктоого шектелип кармалган полиция бөлүмүнүн башчысы Марат Куштыбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Талдыкоргон шаардык тергөө соту 14-ноябрда кабыл алды.

Талдыкоргон полициясынын башчысы Марат Куштыбаев 27 жаштагы шаар тургунун зордуктоо шеги менен кармалганы кечээ белгилүү болгон.

Азырынча шектүүнүн өкүлдөрү менен жакындары бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Количество просмотров: 90