• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Зулушев Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

13 Баш оона 202315:11 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн, 13-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн конгрессте кабыл алынган.

Аталган ассоциациядан билдиришкендей, конгресске 9 мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында Эл аралык көк бөрү федерациясы ассоциация болуп түзүлдү.

Анын ичинде:

— ассоциациясынын президенти болуп Курманкул Зулушев;

— вице-президенттери болуп Казакстандын «Жаппай көк пар” федерациясынын президенти Дирманов Гани;

— Өзбекстандын “Улок купкари” федерациясынын төрагасы Адхамов Равшанбек;

— Россиянын Алтай Республикасынын “Көк Бөрү” (Синий Волк) ат оюндар федерациясынын президенти Тузачинов Эркин шайланды.

Ал эми көк бөрү оюндарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Эл аралык көк бөрү федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан Республикасы) Эл аралык көк бөрү ассиоциациясынын “Ардактуу президенти” наамы ыйгарылды.

Количество просмотров: 101