• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Орусияда мессенжерлердин ишин чектеген мыйзам күчүнө кирди

1 Үчтүн айы 2018 21:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.01.2018. Govori.tv.

Орусияда бүгүнтөн тарта мессенжерлердин ишин жөнгө салган мыйзам күчүнө кирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, эми ошол мессенжердин колдонуучулары баары атайын каттоодон өтүүгө тийиш. Аккаунт электрондук даректин жашыруун дарегине эмес, конкреттүү бир адамдын телефон номуруна байланган болушу шарт.

Эгерде бул талаптарды аткаруудан баш тарса сервистин администрациясы бир миллион рубль айыппул төлөөгө милдеттендирилет же абоненттин уюлдук байланышка кошулуусу чектелет.

Мыйзамга Орусия президенти Владимир Путин былтыр июль айында кол койгон. Жарандык активисттер муну чектөө деп, мыйзамды артка кайтарууну талап кылып жатышат.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 4