Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун апрель айынын мыктысы деп табылды. «Тыныбекова Сакура Мотокиден өтүп, ага каршы чабуулдарынын жыйынтыгында Азия чемпионатында финалда аны 9:6 менен жеңип алды» деп айтылат UWW уюмунун маалыматында.
Грек-рим күрөшүнөн апрелдин мыктысы деп Бишкекте өткөн Азия чемпионатында финалда Акжол Махмудовду утуп алган жапон балбан Нао Кусака аталды.
Өткөн отчеттук мезгил аралыгында Олимп оюндарына Европада да, Азияда да лицензиялык мелдештер өткөн, алардын бири Бишкекте болду.
Айсулуу Тыныбекова Бишкектеги соңку алтын медалы менен Азиянын алты жолку чемпиону болду. Былтыр 22-сентябрда Белградда өткөн Дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнөнүн мыктысы болгон.