• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде «тукум уруш» өтүп жатат

1 Бугу 202418:19 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Тамаша аыйлында «тукум уруш» деп аталган жумуртка майрамы өтүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар соц тармактарда жарыялашты.

Маалыматка караганда бул оюн биринчи майда уюштурулат. Тургундар бышкан жумурткаларды паркка алып келип мелдеш өткөрүшөт. Бул мелдеш жыл сайын 1-Май майрамынын урматына өткөрүлөт. Кимдики биринчи сынып калса, ал уткан адамга өзүнүн жумурткасын берет.

Качан жана кайдан бул мелдеш салтка айланып калган бир гана тамашалыктар билишет.

Количество просмотров: 192