• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Быйыл Кыргызстанда 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөйт

1 Бугу 2024 17:00 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүндө «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөйт. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда мындай чечим дүйнөдөгү соңку окуялардан улам коомдук коопсуздукту сактоо, ыктымал коркунучтарды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында кабыл алынды.

«Өлбөс полк» жүрүшү Кыргызстанда 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген. Ал адатта Бишкекте Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Түштүк дарбазадан» башталып, Жеңиш аянтына чейин уланчу.

2022-жылы «Өлбөс полк» маршын Кыргызстанда өткөрүү керекпи же жокпу деген талаш-тартыш чыккан. Ага каршы болгондор Орусия Украинага басып киргенден кийин мындай жүрүштү өткөрүү туура эмес деген пикирди айтышкан.

«Өлбөс полк» акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер баштап, 2012-жылдан тартып ал такай уюштурула баштаган. Владимир Путиндин бийлиги аны иделогиялык куралга айландырган.

Расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун алтымыштай ардагери калды. Эки жыл мурда алардын саны жүздүн тегерегинде болчу.

Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толот.

Количество просмотров: 107