• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Кыйын: Инклюзивдүү билим берүү: Балдардын баары бирдей

30 Чын куран 2024 18:15 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында онунчу тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат. 

Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Инклюзивдүү билим берүү: Балдардын баары бирдей» деген тема талкууланат.

Катышуучулар:

  • Элмира Муканбетова — Ашырбай Коёнкөзов атындагы №18 Токтоян жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими;
  • Айсулуу Айтимбетова — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун улук окутуучусу

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова, Замира Кожобаева.

Количество просмотров: 489