• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

07.12.2017 Күндүн ыргагы: Атамбаевди беш жолу, Жээнбековду бир жолу эстеген Исаковдон баштап порносайттарга чейин…

7 Бештин айы 2017 17:48 Бишкек Govori.TV

   Күндүн  жыйынтыгын  жакшы жаӊылык менен баштайлы. Түрксой эл аралык уюму 2018-жылды «Чыӊгыз Айтматов жылы» деп жарыяласа, кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизилди. Ал эми   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы методиканы каттады.

Бүгүн Өкмөт башчы Сапар Исаковдун кызматка отурганына 100 күн толуп, буга байланыштуу ал журналисттер менен жолугуп, жаӊы президент менен болгон мамилеси, Кумтөр, «Мегаком», көп аялдуулук,айтор коомчулуктун кызыгуусун жараткан бир топ суроолорго жооп берди.Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы экс-президентти беш жолу, учурдагы президентти бир жолу эстеп, колундагы саатын Алмазбек Атамбаев бергендигин ошондуктан, белекке бере албай тургандыгын айтты.

Буга чейин журналист Элнура Алканованын Сапар Исаковдун Максим Бакиевдин коттедждеринин сатылышына тиешеси бардыгы тууралуу иликтөөсү коомчулуктун талкуусун жараткан. Өкмөт башчы бул маалыматты  карандай калп жана менин аброюма шек келтирүу үчүн атайын жасалып жаткан жагымсыз иштер деп атап, бул иште аты аталып жаткан адамды таптакыр тааныбагандыгын, кластташы деген маалымат жалган экендигин, анткени ал Ошто окугандыгын айтты.

  “Мегакомду” сатып алам деген Елена Нагорнаяны тааныбай тургандыгын, Мегакомду сатуу милдетин юридикалык компанияга тапшырылганын белгилеп, “Бул  эл аралык тажрыйба. Компанияны эртерээк сатышыбыз керек,-деди.

Ошондой эле «Центерра Голд» компаниясынын жетекчиси Скотт Перри Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштаганын маалымдап,  бул үчүн Кыргызстан «Центерра Голддун» курамынын чыгып кетиши керек деди.

Кумтөр тууралуу башка жаӊылыктарга дагы токтоло кетели, бүгүн коомчулуктун талкуусундагы мөӊгү маселеси сотто карала турганы белгилүү болду. Жарандык активисттер Жогорку Кеӊештин «Суу Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамын кабыл алуу боюнча  токтомду жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек райондор аралык сотуна арыз менен кайрылышкан, сот процесси 20-декабрда өтөт. Эске салсак мыйзам долбооруна экс-президент Алмазбек Атамбаев кол коюп үлгүргөн.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Мирлан Бакировду вице-спикерликке көрсөттү.

Ал эми депутат Улукбек Ормонов «Дастан» ачык акционердик коому качан сатылары тууралуу өкмөт мүчөлөрүнөн сурап, Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен корутунду түшкөнүнө байланыштуу «Дастанды» сатуу токтотулганын айтты. Ал эми КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина жарандык активист Ренат Самудинов  менен  анын жубайы, КТРдин мурдагы журналисти Эльнура Молдокадырованын тагдырына кызыгып, суроо узатты.

Эки жашар баласын топтой тепкилеген атанын окуясы дагы  Жогорку Кеӊеште дагы көтөрүлдү. Депутат Махабат Мавлянова (Республика-Ата-Журт)  баласын тепкилеген адамга карата колдонулган берене жеӊил болуп калганын айтып, анын жоопкерчилиги мындан катаалыраак жаза менен каралышы керек деди.  Мавлянованын айтуусуна караганда аталган үй-бүлөдө Б. Адиевдин үйүндө зомбулук буга чейин дагы болуп турган.

Көп күндөн бери көп аял алууга көп чекит коюулуп келе жаткандыгы белгилүү.  Бүгүн эл өкүлдөрүнөн, укук коргоочулардан жана жарандык активисттерден турган жоон топ маалымат жыйын берип, көп аял алуу кылмыш экендигине токтолушту. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул маселе боюнча Президент менен Премьер-министр үн катпай турганы белгилүү. 100 күндүк иши тууралуу журналисттерге жыйын өткөргөн Өкмөт башчы Сапар Исаков  бул маселе боюнча пикирин айтып «Мен эркектердин көп аял алышына каршымын. Өзүмдүн төрт кызым бар», — деди. Ал эми юрист Нурбек Токтакунов мыйзамдуу аялы күйөөсүн  көӊүлдөш  күтүп, жашап алды деп шектенсе, экинчи аял алып алды деп арыз жазса боло тургандыгын айтып чыкты.

Буга удаа бүгүн жарандык активисттер толук бойдон порносайттарга тыюу салыш керек деп  чыгышты.   Алардын айтымында дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекети интернеттеги порнографияга тыюу салган, окумуштуулардын изилдөөсү боюнча порно көрүү агрессияны күчөтүп, аялдарга карата зомбулукту күчөтөт. «Коомду деградацияга алып келүүдө. Элибиздин салтына да каршы келет”-дешет жарандык активисттер.

 

Акырында чет элдик жаӊылыктарга токтоло кетели, келерки жылы шайлоого катышаарын билдирген Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн Ислам мамлекети террордук тобу Сириянын Эфрат жээгинин эки өйүзүндө тең толук талкаланганын жарыя кылды. Ал эми АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, бул тууралуу президент Дональд Трамп билдирүү жасады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын жарыясын “тарыхый” деп атап, башка мамлекеттерди да АКШнын жолун жолдоого үндөсө, Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамптын кадамын “өкүнүчтүү” десе, Түркиянын тышкы иштер министрлиги “жоопкерчиликсиз” деп айыптады.

 

 

 

Количество просмотров: 31