Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин айткандарын сынга алды.
“Нурдан Орунтаевдин “Ачык кабинет” долбоорго катышкан күнү мыкты, ачык уюштурулган. Бирок бир гана сөзү бүтүндөй оң таасирди жокко чыгарды. Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча курулган унаа токтотуу жайлардын жетишсиздиги тууралуу журналисттин суроосуна, Нурдан Кемелович, “мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары, адегенде насыясын төлөп бүтүп, анан автоунаа сатып алышы керек” деп жооп берди. Бул такыр эле коомдук пикирди аңдоонун жоктугу жана олдоксон сөз. Биздин жарандар турак жайга жылдап акча топтоп, насыя алып, күнү-түнү иштеп жатышат. Ал эми министр аларга качан машине сатып алуу керектигин үйрөнүп жаткандай болууда. Бул билдирүү бүтүндөй аткаруу бийлигине чоң резонанс жана катуу сынды жаратты. Мындай сабатсыздыкка жол берилбеши керек. Ар бириңерден мына ушул нерседен сабак алууңарды талап кылам”, – деди Касымалиев.