17-июлда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жери чет элдик жарандарга же компанияларга сатылбай турганын билдирди. Ал «Кабар» агенттиги менен болгон маегинде Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берди.
Жапаров чет элдик инвесторлорго жерди 49–50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилейт. Бирок инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албайт, белгилүү мөөнөткө гана пайдаланат.
«Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Алар ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат», — деди президент.
Жапаров жаңы өзгөртүүлөр инвесторлордун жоопкерчилигин күчөтөт деп санайт:
«Ар бир инвестициялык келишимде салына турган каражаттын көлөмү, курулуштун мөөнөтү, түзүлө турган жумуш орундары жана бюджетке төлөнүүчү салыктар так көрсөтүлөт. Инвестор келишимде каралган мөөнөттө долбоорду ишке ашырбаса же милдеттенмелерин аткарбаса, мамлекет келишимди токтотуп, жерди кайтарып алат».
Президент мамлекеттик жерди банкка жана башка тараптарга күрөөгө коюуга жол берилбей турганын да белгиледи.
Мындан тышкары, чек арага жакын аймактардагы жана айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүктөргө менчикке да, ижарага да берилбейт. Чет элдик инвестициялар завод-фабрика, логистикалык борбор, энергетика, туризм жана башка инфраструктуралык долбоорлорго тартылат.
Жапаров чет өлкөлүк жумушчуларга көзөмөл күчөтүлгөнүнө да токтолду. Анын айтымында, акыркы айларда мыйзам бузган үч миңдей чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылган. Дагы жүзгө жакын адамды депортациялоо каралууда.