• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

08.12.2017 Күндүн ыргагы: Эсентаева экинчи жолу эрге тийгенинен тарта, Абдрахматованы БШК кызматтан алып тынганына чейин

8 Бештин айы 2017 18:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн оппозициялык Республика-Ата-Журт” фракциясынын квотасы менен келген БШК төрага орун басары Атыр Абдрахматованы кызматтан кетиришти. Атыр Абдрахматованы кетирүү үчүн президенттин квотасы менен келген БШК мүчөлөрү арыз жазган.

Атыр Абдрахматова муну башка ойдо болгондорго карата куугунтук жана интрига деп баалап “Бул БШКдагы көпчүлүктөн башкача ойдо болгондорго карата куугунтук. 2016-жылы иштеп баштагандан бери чындыкты, мыйзамдуулукту, бейтараптуулукту талап кылып, ким кайсы партиядан болбосун, кимдин тууганы же досу болбосун бардык учурда мыйзам так аткарылышы керек деп, БШКнын ишмердүүлүгү, эл үчүн таза, акыйкат, ачык  жүрүш керек деген позицияма байланыштуу төраганын орун басары кызматынан кетиришти”-деп билдирди.

БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Осмоналиев Абдрахматованы кетирүү бир жыл мурун эле көтөрүлгөнүн айтты. “Мындан бир жыл мурда Атыр Абрахматова БШКнын 10 мүчөсүнүн үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазган. Биз бул маалыматты 24.kg агенттигинен окуп алып,  кесиптештердин баардыгы аны кызматтан алуу маселесин көтөрүшкөн. Бирок биз ошондо оңолгонго мүмкүнчулук бергенбиз деди»,-Кайрат Осмоналиев.

Биринчи май райондук соту бүгун 8-декабрда Урматбек Токтоназаров менен Абай Асанбековго карата административдик ишти карады. 8-декабрда өткөн сот отурумунда Урматбек Токтоназаров менен Абай Асанбеков күнөөлөрүн мойнуна алышты. Токтоназаров бузулуп калган “Камаз” унаасын айланып өткөнүн айтса, Асанбеков видеонун тараганын билбегенин, агасынын ордуна ортон кол үчүн кечирим сурап коюуну чечкенин айтышты.

Токтоназаров менен Асанбеков административдик кодекстин 224-беренеси менен күнөөлү деп табылып сот Айбек Эрнис уулу ар бирине 5 миң сомдон айып пул салды.

Казакстандын белгиүү алып баруучусу, актриса жана продюсер Баян Есентаева 7-декабрда бизнесмен Турсенгали Алагузовго турмушка чыкты. Алар официалдуу түрдө никеге турушуп, Баян Есентаева жаңы жубайынын фамилиясына алды. Бул туурасында Казакстандын маалымат каржаттары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, бул Баян Есентаеванын экинчи турмушу. Биринчи күйөөсү Бахтыбек Есентаев 2016-жылдын 10-июнунда Баянды сабап, бир нече жолу бычак менен сайган. Соттук иштин жүрүшүнүн 4-айында алып баруучу жолдошун кечиргендигин айткан. Бирок, Алматанын соту Есентаевди “Өлтүрүү үчүн кол салган” деген берене менен, 9 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимдеги абака камаган. Жубайлардын уруш кызганычтан улам болгондугун көп айтылды.

Борбордук аянтта “Жаңы жылдык” балаты орнотулуп жатат. Быйылкы балатынын узундугу 23 метр болот. Кыргызстанда Бишкек жана Ош шаарлары жаңы жылдык балатынын бийиктиги менен жарышарын эске алсак, анда Ош шаарындагы балатынын бийиктиги канча метр болору кызыктырат.

Быйылкы жаңы жылдык балаты, былтыркы балатыдан айрымаланып башкача болот. Бирок, кандай өзгөчөлүктөр болорун мэрия сыр боюнча калтырды. Белгилей кетсек, былтыркы жылы балаты кыргыз орнаменттери менен кооздолуп, узундугу 25 метрди түзгөн.

 

 

 

 

Количество просмотров: 46