Мамлекеттик салык кызматы 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттары өзгөрөрүн эскертет.
Тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 413 токтомуна ылайык, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө» нускамасына киргизилди.
Жаңы ченемдерге ылайык, 2025-жылдын 1-августунан тартып камсыздандыруу полиси төмөнкү учурларда алынат:
Буга байланыштуу Салык кызматы камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн төлөөчүлөргө мөөнөттөрдү бузбоо үчүн полисти алдын ала тариздөөнү сунуштайт.
Эскерте кетсек, отчет өз убагында берилбесе жана/же камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөсө, мыйзамдарга ылайык айыптар жана башка санкциялар колдонулат.