• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада 1 711 унаа айып короого токтотулган

28 Теке 202511:52 Бишкек Govori.TV

21-июлдан  27-июлга   чейин 20 миң 548 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 779;

-Мас абалында унаа башкаруу — 324;

-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 145;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 999;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 681;

-Авто ээнбаштык — 56;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 258;

-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу — 7;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 588;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 711  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат

Количество просмотров: 124