• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эсиңизде болсун! Сууга түшүүдө эске алуучу эрежелер…

28 Теке 20259:05 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө эске алуучу айрым эрежелерди эске салды.

Ага ылайык, жайкы эс алуу мезгилинде сууга түшүү учурунда төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

  • Жаш балдарды кароосуз калтырбаңыз. 12 жашка чейинки балдардын жанында сөзсүз түрдө аларды көзөмөлдөгөн чоң киши болушу шарт.
  • Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Себеби андай жерлерде чуңкур, курч таштар же башка кооптуу нерселер болушу ыктымал.
  • Спирт ичимдиктерин ичип алып сууга түшпөңүз. Спирт ичимдиктери адамдын реакциясын жайлатып, кыймыл-аракетин начарлатат. Бул сууда сүзүү учурунда өтө кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.
  • Аба ырайы бузулуп, күн бүркөлүп, же катуу шамал башталганда сууга түшүүдө сак болуңуз. Аба ырайынын өзгөрүшү ар кандай кооптуу кырдаалдарга алып келиши ыктымал.
  • Тамакка тоюп алып сууга түшүүгө болбойт. Анткени, тамак сиңирүү процесси организмди алсыратып, булчуңдардын иштөөсүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Андыктан тамактангандан кийин бир аз эс алып, жок дегенде бир-эки сааттан кийин сууга түшкөнүңүз оң.
  • Белгиленген чектен алыс сүзүп кетпеңиз. Бул чектер сиздин коопсуздугуңуз үчүн коюлган. Эгер сиз андан ашып кетсеңиз, куткаруучулар сизге жардам бере албай калышы мүмкүн.
  • Эгер өзүңүздү начар сезип жатсаңыз, сууга түшпөй эле койгонуңуз оң болот.
Количество просмотров: 146