• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

1-июлда күтүлгөн аба ырайы

30 Кулжа 2023 14:30 Бишкек Govori.TV

1-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +33…+35 градус болот.

Количество просмотров: 219