• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт

25 Кулжа 2020 14:59 Бишкек Govori.TV

КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар 2020-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө мурда берилген эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин жараксыз деп табуу үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш.

КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүп жаткандыгына байланыштуу бул жол-жобону аткаруу зарыл.

Электрондук эсеп-фактураларды толугу менен кеңири колдонуу үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл жана андан кийин электрондук эсеп-фактураны колдонууга болот.

Ал эми 1-июлга чейин электрондук эсеп-фактураларды тариздөөнү үйрөнүү үчүн www.testesf.salyk.kg тесттик аянтчаны пайдаланууга болот.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонууну пландаштырган салык төлөөчүлөр Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы “Электрондук эсеп-фактура” бөлүмүнөн маалыматтык системаны колдонуу, пакеттик жүктөө/көчүрүп алуунун форматы жана башка зарыл болгон материалдар, анын ичинде суроо-жооп форматындагы түшүндүрмөлөр менен тааныша алышат.

Электрондук эсеп-фактура бизнестин ак ниеттик белгилеринин бири жана көмүскө экономикага жана мыйзамсыз ишмерликке каршы турууда маанилүү түзүүчү болуп саналат.

Количество просмотров: 88