• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түлеев: «Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир дагы салык төлөгөн эмесмин»

22 Бештин айы 202511:58 Бишкек Govori.TV

Ишкер, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда салыктан качканын, азыркы бийликтин тушунда ошонун айынан 300 миллион сом төлөгөнүн билдирди. Ал журналист Майраш Базлакуновага курган маегинде мурдагы президенттердин убагында салык төлөбөө ишкерлер үчүн кадыресе көрүнүш болгонун билдирген.

«Ачыгын айтайын, Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир дагы салык төлөгөн эмесмин. Атамбаевге баары бир болчу. Төлөп жатасыңбы, төлөбөй жатасыңбы, анын иши да жок болчу. Ал «муну иштетпе, буга жумуш бербе, уруксат бербе» деп коюп эле жата берчү. Атамбаевдин убагында бир дагы салык төлөгөн эмесмин, эмнеге корком? Түрмөдөн чыгып келип дагы төлөгөн жокмун. Анан ошонун баарын бул бийлик келип санап туруп 300 миллион сом «кустуруп» жатпайбы. Күнөө өзүмдө да. Атамбаевдин убагында бир дагы адам салык төлөчү эмес. Сооронбай Жээнбековдун убагында деле салык төлөшчү эмес», — деди Түлеев.

Количество просмотров: 166