Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик транформация бөлүмүнүн жетекчиси Шаршенбай уулу Нурлан «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында баланы 1-класска электрондук каттоодо ата-энелер алдын ала көңүл бурушу керек болгон маселелерге токтолду.
Анын айтымында, балдарды 1-класска каттоо системасы 8-апрелде саат 09:00дө ачылат. Бирок, ага чейин ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталынан (портал 24 саат иштейт) эки нерсени текшерип коюшу керек:
«Эгер каттоо башталгандан кийин кирип, анан туугандык байланыш такталбай калса, анда кечигип калгандай шарт түзүлүп калат. Экинчиден, чет элдик жарандар Калкты тейлөө борборлорунан ата-энелер жана балага ПИН-номер алуу шарт. Бирок, бул жарандар жашаган жери боюнча расмий каттоосу жок болсо, биринчи этапка катыша албайт, экинчи этапта гана баласын 1-класска каттата алат», — деди ал.