Билим берүү жана илим министрлиги мектепте окуучулардын көзүнчө мугалимди жемелеген эненин видеосу боюнча билдирүү тартты.
Министрлик окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирди.
«Министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт. Ошондой эле министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимге ыдык көрсөтүп, анын беделин түшүрүүгө аракеттенүү жол берилгис көрүнүш экенин баса белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат», — деп жазылат билдирүүдө.