• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эки аптада 1-класска 47 миң 491 бала кабыл алынды

25 Чын куран 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 23-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 47 миң 491 бала кабыл алынгандыгын маалымдайт.

Анын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Бишкек шаарында – 4 миң 819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 9 миң 144 бала (анын 79у жеңилдик менен)

Чүй облусунда – 6 миң 316 бала (анын 90у жеңилдик менен)

Ош облусунда – 9 миң 336 бала (анын 83ү жеңилдик менен)

Ысык-Көл облусунда – 5 миң 144 бала (анын 28и жеңилдик менен)

Баткен облусунда – 5 миң 952 бала (анын 82си жеңилдик менен)

Талас облусунда – 2 миң 736 бала (анын 48и жеңилдик менен)

Нарын облусунда – 3 миң 181 бала (анын 30у жеңилдик менен)

Ош шаарында – 863 бала (анын 35и жеңилдик менен)

Башкача айтканда, катталган жери боюнча мектептин биринчи классына электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүн колдонушту:

Бишкек шаарында балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү – 23%,

Ысык-Көл облусунда – 35%,

Баткен облусунда – 35%,

Талас облусунда – 37%,

Чүй облусунда – 21%,

Жалал-Абад облусунда – 25%,

Нарын облусунда – 41%,

Ош облусунда – 23%,

Ош шаарынын – 8%.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар болсо катталууга болот.

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт — https://mektep.edu.gov.kg/

Количество просмотров: 81