Кыргызстанда 2026-жылдын 1-майынан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы өзгөрөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 24-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Ага ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр энергиясын колдонгон керектөөчүлөр үчүн баа 27 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат үчүн 1 сом 64 тыйынды түзөт.
Белгиленгендей, Кыргызстанда 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат ишке ашырылууда.