• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

1-майдан тартып Бишкектеги фонтандар иштеп баштайт

26 Чын куран 2024 18:04 Бишкек Govori.TV

1-майдан тартып Бишкектеги фонтандар иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда фонтан сезонун ачууга даярдыктар көрүлүүдө.

Жалпысынан муниципалдык ишкананын балансында 17 фонтан комплекси бар.

“Фонтан комплекстерин оңдоо иштери кыш бою жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө суу өлчөөчү приборлор орнотулуп, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө”, – деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Количество просмотров: 130