• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирусту 102 өспүрүм жуктурду. Бишкекте өзгөчө абал тыгын менен уланды

1 Бугу 2020 19:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
1-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 10 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

ӨРТ КЫРСЫГЫ АДАМ ӨМҮРҮН ЖАЛМАДЫ

Ош шаарында өрт кырсыгынан бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-майда кабарлагандай, окуя Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан кабат үйлөрдүн бириндеги батирде болгон.

ӨЗГӨЧӨ АБАЛ: БИШКЕКТЕ УНАА ТЫГЫНЫ ЖАРАЛДЫ

Бул арада борбор калаадагы Ош базарындагы азык-түлүк саткан бөлүмүндө элдин саны көп экенин көрүүгө болот.

Кошумчалай кетсек, Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.


МАЙРАМДА ИШТЕЙ ТУРЧУ МЕКЕМЕЛЕР

Кыргызстанда май майрам күндөрү айрым мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жумушка чыгууга милдеттүү болот. Бул тууралуу 1-майда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Количество просмотров: 435