• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

1-майга карата COVID-19дун жаңы бир учуру катталды

1 Бугу 2022 11:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-майга карата COVID-19 илдетинин жаңы бир учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, илдеттен үч бейтап сакайды, каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда жети адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 403 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 89