• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

1-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

31 Баш оона 202417:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 27…29° болот.

Количество просмотров: 287