• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

№1 тергөө абагынын ордуна кичирайон курулат. Жапаров билдирүү жазды

1 Чын куран 2023 23:30 Бишкек Govori.TV

Жалпы өлкө боюнча «Менин үйүм — 2021-2026» программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Президенттин айтымында, өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.

«Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт» деген сөз бар эмеспи. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө. Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк. Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй- бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз. Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат. Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз. Мамлекеттик кызматкерби, мигрантпы же жөнөкөй ишкерби — айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча «Менин үйүм — 2021-2026″ программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй- бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз. Кийинки жылдарда Бишкектеги №1 тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичирайон түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз»,-деп жазды Жапаров.

Количество просмотров: 4256