• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

1-январдан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электрге 50 тыйындан төлөйт

30 Жетинин айы 2021 15:52 Бишкек Govori.TV

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 1-январдан тартып 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, эгерде керектөө 700 кВт/саттан ашса 2,16 сомдон төлөнө баштайт. Документ даяр болгондон кийин макулдашуу үчүн Министрлер кабинетине жөнөтүлөт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук Кеңшинин жыйынында аз камсыз болгон 110 518 кожолукка электр жарыгынын баасын 50 тыйынга түшүрүү тапшырмасын берген. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары айтылган эмес.

Количество просмотров: 151