Кыргызстанда электр жарыгын кыска мөөнөткө өчүрүүлөр тууралуу эскертүүлөр бериле баштайт. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясынан билдиришти.
Ишкананын маалыматына ылайык, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулады. Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келүүдө. Ошондуктан учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иш-чаралары көрүлүүдө.
Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдайт.
Аномалдуу суук аба ырайына байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы төмөнкүдөй бир катар чараларды көрүүдө:
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат