Бишкектеги №1 абак Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Нооруз айылындагы №50 абактын аймагына көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Аскат Эгембердиев билдирди.
Анын айтымына караганда, №21 мекеме (№1 убактылуу кармоочу жай) 1940-жылдын башында, шаардын инфраструктурасы өнүгө электе курулган. «Азыр шаар элге толуп калды. Мекемени көчүрүү жарандардын коопсуздугуна шартталган», — деп белгиледи ал.
Ошондой эле Бишкек шаарында жайгашкан №47 абак Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №31 абактын аймагына көчүрүлөт.