• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Тез жардам”  чыры чыңалууда. Өкмөт 1,18 млн. Евродон кол жууйбу?

15 Бирдин айы 2018 15:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен  15 “тез жардам” унаасын алып келген компаниянын ортосундагы тиреш чыңалды. Министр Талантбек Батыралиев бул унаалар тендердеги техникалык талаптарга туура келмейинче, унааларды кабыл албай турганын айтты. Анын белгилешинче, «Хендай Портер» маркасындагы унаалар талаптан 1 метрге узун болуп чыкса, «Тойота Хайс» унаасы 25 сантиметрге жапыз, «Тойота Хайлюкс» унаасында болсо адамды станционардык дем алдыруу жабдыктары жок болгондуктан унааларды тез жардам кызматына берүүгө болбойт.
Ал эми министрликтин жарыялаган тендерин жеңип алып, Европа менен Түштүк Кореядан унааларды алып, Дубайдан медициналык жабдыктар менен жабдып келген “Dutch Health BV”  компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болсо Саламаттыкты сактоо министрлиги менен соттошууга даяр экендигин билдирген.
“Албетте, биз айрым кемчиликтерди моюнга алып, аларды ордуна келтиргенге макулбуз. Бирок, бизге эч ким кагаз түрүндө бул унаалар тез жардам кызматына кызмат кылууга жарамсыз экендигин тастыктап берген жок.  Ушундай миллиондогон каражатка алынган унааларды эми кол менен кескилеп кичирейтип отуруунун кимге канчалык кажети бар? Эгер биз башка маркадагы унааны алып же анын моторун алмаштырып келсек бир жөн… Андыктан, биз келишим боюнча соттошууга даярбыз”, дейт ал ММКлардын бирине маек жатып.
Ошол эле маалда министрлик болсо тендерди жарыялоодо тез жардам унаасына атайын адистердин катышуусу менен талаптар жасалгандыгын, эгер көрсөтүлгөн талаптардагы унаа болбосо анын ичине оорулууларды алып жүрүү, аларды жол үстүндө дарылоо, тез жардам кызматындагылардын унаанын ичинде жүрүүсү кооптуу болоорун билдирген.
Количество просмотров: 36